АБДЫЛДАЕВ Эсеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Эсеналы (16.02. 1932, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы – 05. 05.2003, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү жана жыйноочу. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1997), филология илимдеринин кандидаты (1967), Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы мугалимдер институтунун физика-математика (1951) жана КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын тил жана адабият институтунда кенже, улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер. «Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө боюнча «Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы (1966), «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), «Манас» эпосунун историзми (1987), «Манас» эпосунун эпикалык формулалары (1991), «Манастын тарыхый баатырдык эпос катарында калыптануу жана өнүгүү этаптары аттуу монографиялык эмгектери бар. Абдылдаев манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноого жана жазып алууга, «Семетей» бөлүмүн жана С. Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунун академиялык басылышын басмага даярдоого катышкан (1989). М. Мукасов.