АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Мыктыбек Юсупович (17. 8. 1953-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы) – мамлекеттик жана саясий ишмер, милициянын генерал-лейтенанты (2005), КРдин эмгек сиңирген юристи (2011). Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, «Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси» (2002), юридика илимдеринин кандидаты (1999). КМУнун филология факультетин (1976), Москвадагы СССР ИИМдин академиясын (1989) бүткөн. 1976–83-жылдары комсомолдук кызматтарда, 1983–2001-жылдары КР ИИМдин системасында: Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында саясий бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары, начальниги, КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1-орун басары, 2001–02-жылдары КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, ошол эле учурда КР Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору, 2002–06-жылдары КР Президентинин администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери бөлүмүнүн башчысы, 2002–05-жылдары КРдин Генералдык прокурору, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, 2005–07-жылдары КР Президентинин администрация башчысы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1990–91), 1991-ж. КР ЖКнын  Легендарлуу парламентинин депутаты. 2010-жылдан КР ЖКнын (5–7-чакырылыштары) депутаты. 3-даражадагы «Манас», КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын "Шериктештик" ордендери жана медалдар менен сыйланган.