АБДЫКАЛЫКОВ Жолдошбай
АБДЫКАЛЫКОВ Жолдошбай (21. 5. 1935-жыл, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Таштак айылы – 31. 11. 2001-жыл, Бишкек шаары) – акын, котормочу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1985), Кыргызстандын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1959). 1960-жылдан тарта «Ленинчил жаш» гезитинде, балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Жаш ленинчи» журналында иштейт. 1976–1988-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинде башкы редактор болуп, балдар басылмасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.
Өзү балдар үчүн чыгармаларды жазып, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты мурастарын которуп турган. Жыйырмадай ырлар жана поэмалар жыйнактары чыккан: «Жылдызстан» (1961), «Бакыт гүлдөрү» (1963), «Жашоо бүтпөйт» (1965), «Кош жылдыз» (1967), «Ак толкундар» (1968), «Түнкү серенада» (1969), «Таштагым менин, Таштагым» (1970), «Теребел» (1970), «Дүйүм дарак» (1973), «Көпүрө» (1976), «Тандалмалар» (1978, 2005), «Көз ирмем» (1981), «Мажүрүм тал» (1983), «Кереметтүү көл» (1984), «Жолдор» (1985), «Балалыктын жылдары» (1988), «Мезгилдер» (1991). Орус тилинде Москванын «Молодая гвардия» басмасынан 1977-жылы «Белые волны», Фрунзе шаарынан 1985-жылы «Чудесное озеро» деген жыйнактары да басылып чыккан. Кыргыз поэма жанрынын көрүнүктүү чыгармалары «Жашоо бүтпөйт», «Ак толкундар» поэмалары тематикалык жактан бири-бирин улап, согуштун жаш балдарга тийгизген таасири, Батыштагы улуу согуштун көл боюндагы бир баланын жүрөгүн тилип өткөн залакасы абдан таасирдүү, жөнөкөй тил менен жазылган. Ал ырларын классикалык кыргыз поэзиясынын салты менен жазган. Күндөлүк турмуш чындыгын нукура реалисттик боёктор менен туюнтууга умтулган анын ырларында, поэмаларында атуулдук пафос, патриотчул эргүүлөр, тунук лиризм жыш учурайт. Ырлары чет тилдерге которулган. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, В. В. Маяковскийдин жана Бангладеш, Латын Америка, Куба акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле Г. Минскийдин, Н. Шумаковдун, Б. Пактын, Марти Хосенин, А. Аль-Хамисинин, Ж. Дилмуратовдун жыйнактарын, ал гана эмес стилдик жактан ар түрдүү акындар В. Маяковский, С.Есенин, Т. Шевченко сыяктуу залкарлардын ырларын кыргызчалаган. Валентин Распутин, Василий Шукшин, Андрей Белов сыяктуу адабияттын алптары менен чогуу жүргөн, атактуу акын Римма Казакова менен достошуп, ал акындын ырларын орус тилине которгон. Айрым орус жазуучулары менен жазышкан каттары али да сакталып турат. Киноактёр Сүймөнкул Чокморов, кинорежиссёр Төлөмүш Океев да досторунан болгон.
Өзүн кара сөздө да сынап көрүп, 1966-жылы «Эсиңдеби» деген новелласын, 1982-жылы «Сүйүү жазы» аттуу повесттер жыйнагын окурмандарга тартуулаган. Көп ырларына обон чыгарылган. Алардын ичинен Үсөн Сыдыков обонун жазган «Агарып аткан таңымсың» деген ырды өз кезегинде Жолдубай Кайыпов ырдап чыккан. Эрмек Керимбеков чыгарган «Таштагым, менин Таштагым» деген ыр бир айылдын гимни сыяктуу ырдалып жүрөт.
Атактуу жазуучулар менен чогуу жүргөн. Ал СССР Жазуучулар союзунун Москвадагы жыйындарына мезгил-мезгили менен барып турчу. Ошондо
Акын 2001-жылы 31-ноябрда каза болду.
2005-жылы Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлык Кыргызстан жазуучулар союзунун колдоосу жана маркумдун уул-кыздарынын демилгеси менен уюштурулуп, 35ке чыга элек жаш акындарга үч жылда бир жолу берилери чечилген. Бул сыйлыктын алгачкы лауреаттарынын бири – Алтынбек Исмаилов. Акындын 70 жылдыгына карата «Тандалмалар» деген жыйнагы, даректүү тасма жана анын сөздөрүнө жазылган музыкалык чыгармалардын диски чыгарылды. Акындын аты Таштак айылындагы бир көчөгө ыйгарылган.