АБДЫКАДЫРОВ Рысбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАДЫРОВ Рыспай (12. 01.1941-жылы, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кызыл-Булак айылы – 12. 09.1994-жылы, Ош шаары) – залкар обончу-композитор жана ырчы, аткаруучу, мыкты аккордеонист. Көөнөрбөс обондору жана аргендей мукам үнү менен өз кезегинде кыргыз музыка өнөрүнө өзгөчө бурулуш жасаган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1988). 1959–1960-жыдары Кара-Кулжа районунун элдик театрында, 1962-жылы райондук маданият үйүндө, Жалал-Абад театрында, 1967–1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген. 1971-жылы Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн. Ошол эле окуу жайда окутуучу, 1972-жылы Ош шаардык музыкалык окуу жайында, 1973-жылдан Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетинде окутуучу, улук окутуучу болуп эмгектенген.

АБДЫКАДЫРОВ39.png

Ал «Өскөн жер», «Суусамыр», «Сагынам, туулган жер сени», «Түгөйүм», «Эсиңдеби», «Ой, бото көз», «Жүрөк вальсы», «Кымбатым», «Бакыт ыры», «Алмашым», «Койчунун ыры», «Жүрөктү кеттиң жаралап», «Сагынуу», «Таанышыңдай карагын»,«Айтсаң боло», «Ак кайың», «Алтынчы күнү кечинде»,«Биз экөөбүз», «Издейм сени», «Жолугупсуз мага бекер сиз», «Колхозумдун чабаны», «Кылчактап неге карадың», «Өмүрүмдүн кымбаты» жана башка ушул сыяктуу 400дөн ашык эл арасына кеңири тараган уккулуктуу, мукамдуу музыкалык обондордун автору. Ошондой эле ал бир нече шакирттерди (Ж. Алыбаев, И. Аманбаев жана башка) тарбиялап, өз чыгармачылык мектебин түзгөн. 1989-жылы «Ырларым – менин тагдырым», «Жолугарым билгемин» аттуу обондуу ырлар жыйнактары чыккан. 1994-жылы Жалал-Абад шаарында «Рыспай клубу» түзүлгөн. 1994-жылы Ош филармониясына, Кара-Кулжа музыкалык мектебине ысымы ыйгарылган. 1997-жылы Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулган. 2001-жылы Ош шаарындагы музыкалык мектепке жана көчөгө анын аты берилген. Р. Абдыкадыров тууралуу Б. Боркеевдин «Рыспай» аттуу китеби жарык көргөн (2004), «Ырларым менин тагдырым» видеофильми (1991), ошондой эле тележурналист Н. Тойчуевдин «Эң жакшы чыгармамды жаза элекмин» автобиографиялык видеофильми тартылган (1994). Анын эмгектерине, чыгармачылыгына коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүндөгү музыка сүйүүчүлөр тарабынан да жогору баа берилген.