АБДУРАХМАНОВ Мурзалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАХМАНОВ Мурзалы (11. 6. 1928, Ош облусу, Ноокат району, Меркит-Мүркүт айылы − 5. 4. 2011, Ош шаары) − милициянын генерал-майору (1978). КР ИИМдин эмгек сиңирген кызматкери. Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык партиялык мектебин (1959), КПСС БКнын Алматы жогорку партиялык мектебин (1961), СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1976) бүткөн. 1948−69-жылдары партиялык жетекчилик кызматтарда: Кызыл-Кыя шаараткомунун жооптуу секретары, маданий-агартуу бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кыргызстан КП Ош обкомунун инструктору, Кыргызстан КП Көк-Жаңгак шааркомунун 2-, 1-секретары, «Нарынэнергокурулуш» башкармалыгынын парткомунун секретары, Кыргызстан КП Таш-Көмүр шааркомунун 1-секретары, 1969−83,1990−91-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1983−90-жылы Ош облустук адвокаттар коллегиясынын президиумунун төрагасы, 1991−2011-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгында ардагерлер кеңешин жетектеген.

АБДУРАХМАНОВ 137.png

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1963−67), КР ЖКнын (1990−95) депутаты. Октябрь, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.