АБДУРАСУЛОВ Илимидин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАСУЛОВ Илимидин (1950-жылы туулган, Баткен облусу, Кадамжай району, Жошук айылы) – техника илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). Москвадагы В. В. Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтун (1972), ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн (1977). Москва инженердик курулуш институтунда ассистент, илимий кызматкер; КГУСТАда окутуучу, доцент, кафедра башчы, декан, 2000-жылдан Баткен мамлекеттик университетинин ректору. 90дон ашуун илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинде 6 монографиясы, 6 автордук күбөлүгү бар.
Эмг.: Водообеспечение и очистка сточных вод Кыргызской Республики. Б., 1994.