АБДУРАСУЛОВ Абдуганы Халмурзаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУРАСУЛОВ Абдуганы Халмурзаевич (1955-жылы туулган, Тажикстан, Ленинабад облусу, Исфара району, Шураб шаары) – айыл чарба илимдеринин доктору (2007), профессор (2009). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1992). КАЧИде кафедрада ассистент, Кыргызстан мал чарба жана жайыт ИИИде лаборатория башчысы, КРдин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде башкармалыктын начальниги. КР УИАсынын биотехнология институтунда лаборатория башчысы. Анын 162дей илимий эмгектери, анын ичинен 4 монография, 2 окуу китеби, 4 ойлоп табуунун патенти бар.

Эмг.: Результаты скрешивания кыргызских коз с оренбургскими и монголскими козлами// Mongolian journal of Agricultural Siences.–Улан-Батор, 2015.–№ 16 (03).–С.97-102. (в соавт.).