АБДУЛЛАЕВ Хабиб

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛАЕВ Хабиб Мухамедович (18 (31). 7. 1912, Ош облусу, Араван району, Араван кыштагы - 20. 6. 1962, Ташкент) - геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1946), Өзбекстан ИАнын ака-

АБДУЛЛАЕВ33.png


демиги (1947), СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1958). Орто Азия индустриялык институтунун геология факультетин бүтүргөн. Москва геология чалгындоо институтунда (1936), Орто Азия политехникалык институтунда (1940) окутуучу. Орто Азия индустрия жана Өзбекстан ИАнын Геология институтунун директору (1941-50), Өзбекстан ИАнын президенти (1956-62). Абдуллаев петрологиянын теориалык маселелерин, кен илими жөнүндө окууну, скарн жана аны менен байланыштуу болгон кендердин проблемасын иштеп чыккан. Айрым кен байлыктардын пайда болушу жана алардын жер кыртышында таралыш мыйзам-ченемдүүлүгү жөнүндө илимий теорияны көтөргөн. 130дан ашык эмгеги (анын ичинде 6 монографиясы) бар; айрымдары дүйнөгө маалым. Лениндик сыйлыктын (1959), Өзбекстандын Бируни атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, үч Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Собрание сочинений, 1-7 т. Таш., 1964-69.