АБДУЛЛАЕВА Майрам Дукуевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛАЕВА Майрам Дукуевна (1959-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району) – техника илимдеринин доктору (2012). 1980-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун бүтүргөн. 1980-жылдан Ош МУда лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө лаборатория башчысы болуп эмгектенген. Абдуллаева 88 илимий-методикалык эмгектин ( анын ичинде 1 монография, 7 патенттин) ээси.