АБДУКАРИМОВ Абдумавлян

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДУКАРИМОВ Абдумавлян (1922, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жар-Кыштак кыштагы) – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун 1933-жылы Сузак районундагы «Октябрь» колхозунда баштаган. 1942-жылдан МТСтин тракторчусу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1954-57-жылдары пахта өстүрүү жанa аны мамлекетке сатуу боюнча социалисттик мелдеште чоң ийгиликтерге жетишкен. Ал тейлеген бригада ар га жердеги пахтанын орточо түшүмүн 40 цге жеткирген. Ленин ордени менен сыйланган.

АБДУКАРИМОВ 130.png