АБДУВАЛИЕВ Муса
Jump to navigation
Jump to search
АБДУВАЛИЕВ Муса (1929-жылы туулган) – шахтёр, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966), Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Жин-Жиган» шахтасынын механикалаштырылган забоюнун өткөөлчүлөр бригадасынын бригадири. 1949-жылдан «Кыргыз уголь» комбинатында иштеген. Жети жылдык планын 113,7%ке орундаткан. Абдувалиевге «Ардактуу шахтёр» деген наам берилген. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.