АБДРАЕВ Мукаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДРАЕВ Мукаш (5. 5. 1920-жыл, Чүй облусу, Сокулук району, Чоң-Жар айылы – 1979-жыл, Фрунзе шаары) – композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974).

М. Абдраев.jpg

Кыргыз музыкалык драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москва шаарындагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында (1935–1940) окуган. П. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн (1950). М. Абдраев 1967-жылдан Кыргызстан композиторлор союзу башкармалыгынын төрагасы, 1950–1958-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында педагог, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун кафедра башчысы (1962–1967), Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция кафедрасынын башчысы (1975), профессор (1973). М. Абдраевдин чыгармачылык иши 1940-жылы башталган. Ал өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Хор жанрын өнүктүрүүгө да көп көңүл бурган. Хорлору көбүнчө мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган («Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргызстан жаштары» жана башкалар). 200гө жакын лирикалык ырларды («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага») чыгарган. Кыргыз музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өз салымын кошкон. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» жана башкалар кыргыз романстарынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитордун балдар үчүн да ырлары («Бешик ыры», «Ой, балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн») бар. Анын чыгармачылыгында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыка негизги орунду ээлейт. «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине айланган. А. Малдыбаев, А. Тулеев, А. Аманбаев менен бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А.Түлеев менен бирге «Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына (1944) музыка жазган. Ондогон аспаптык чыгармалары да бар. «Токтогул композитор» (Б. Алагушов менен бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 6-7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» аттуу окуу китептеринин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган хорлор» (1970) жана башка обондуу ыр жыйнактары жарык көргөн. М. Абдраев Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7-8-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Ысымы Бишкек шаарындагы республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернатка берилген.

Б. Алагушов.