АБДИКАРИМОВ Сабиржан Токтосунович
АБДИКАРИМОВ Сабиржан Токтосунович (1959-жылы туулган, Ош областы, Ноокат району, Кыркол айылы) – медицина илимдеринин доктору (2014). КММАны (1981), КРдин Президентинин алдындагы башкаруу академиясын (2012) бүтүргөн. Эмгек жолун КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык башкармалыгында санитардык врач болуп иштеп баштап, начальник болгон. Мамлекеттик санитардык-көзөмөл департаментинин генералдык директору, КРдин Саламаттык сактоо министрлигинде башкы санитардык врач , КР саламаттык сактоо министринин орун басары, министри; департаменттин генералдык директору; И.К. Ахунбаев атындагы КММАда окутуучу, кафедра башчысы; КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык карантиндик жана өтө коркунучтуу инфекция борборунун директору. Абдикаримовдун 30 илимий эмгектери, анын ичинен 3 монография, 5 методикалык көрсөтмө, 3 нормативдик-методикалык документтердин жыйнагы жарык көргөн. КРдин мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери, саламаттык сактоонун отличниги.
Эмг.: Эпидемиология поливирусной инфекции в Кыргызской Республике// Эпидемиология и инфекционные болезни.– М., 2004. –№2. С. 15-18. (соавт.). Эпидемиологические особенности инфекций, передающихся водным путем: монография.–Бишкек, 2013. –113 с.; Полимеразная цепная реакция тест-системы в формате триплекс для детекции и идентификации сибриязвенного микроба// Medicine.– Алматы, 2016.– № 12 (174). –с.68-78. (соавт.).