АБДИЕВ Тууганбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДИЕВ Тууганбай (3. 5. 1937-жылы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ничке-Сай айылы – 1. 12. 2008-жылы, Бишкек шаары) – төкмө акын, дастанчы, комузчу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1986), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1976). Токтогул райондук маданият үйүндө (1955), Жалал-Абаддагы кыргыз драма театрында (1956–1961) иштеген. 1961-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти болуп 47 жыл бою элге талантын тартуулаган. Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Корголдон комузга кошуп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен айтуу өнөрүн үйрөнгөн.Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу залкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.Тууганбай чыгармачылыгында төкмө акындык, дастанчылык менен бирге комузчулук өнөргө да кызыккан. Ал турсун бирин-экин күү да чыгарган. «Чоң

Кыргыз Республикасынын эл артисти Т. Абдиев
Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев
Т. Абдиев «Махабат дастаны» кино тасмасындагы Раймалынын ролунда.

кербез», «Тогуз кайрык», «Мырза кербез», «Бала кербез», «Кара өзгөй», «Кер толгоо», «Ак тамак, Көк тамак», «Ак бакай», «Лү-лү, Мамажан» күүлөрүн, «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Ак Мөөр» кенже эпосторун жана башка чыгармаларды жогорку деңгээлде эле аткарбастан, анын таасирдүүлүгүн дагы тереңдеткен. «Эрке кыял» аттуу күүнүн автору. Т. Абдиевдин «Таңшы комуз» (1979), «Ыр канатында» (1984), «Айтыш, Замандаштар, Чоңколор, Залкарлар» аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. «Махабат дастаны» кинотасмасында (режиссёру Д. Садырбаев, 1984) Раймалынын ролун аткарган. Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун насаатчысы болгон. Кийинки муундагы жаш акындар Элмирбек Иманалиевди, Шекербек Шеркуловду, Жеңишбек Токтобековду, Амантай Кутманалиевди, Азамат Болгонбаевдерди дасыктырууда зор роль ойногон. СССР жазуучулар союзунун мүчөсү 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, 39 жашында жогорку билимдүү болот. Тубаса талант ээси өз чыгармачылыгында дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кыдырып, сахналаштары менен концерт коюп барган. «Таӊшы комуз», «Ыр канатында» ыр жыйнактары менен эки китебин окурмандарга сунуштаган. Ошондой эле бир топ шакирттерди тарбиялап эл алдына чыгарган. Төкмө акындардын эл аралык айтыштарынын, дастанчылар («Ак тандай», 1993; «Манас», 1995) кароосунун башкы жеңүүчүсү. Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2005). 2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.