АББРЕВИАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АББРЕВИАТУРА (лат. abbrevio, итал. abbre-viatura – кыскартуу), кыскартылган сөздөр – 1) лингвистикада: толук маанилүү сөздөрдүн кыскартылып берилиши; башкы тамгалары же башкы муундары сакталып, калгандары кыскартылып, белгилүү бир маанини туюндурган татаал сөздүн бир түрү (мисалы, Кыргыз мамлекеттик университети – КМУ, Бириккен Улуттар Уюму – БУУ, Жогорку Кеңеш – ЖК, Илимдер академиясы – ИА). Аббревиатуранын жазылыш эрежелери төмөндөгүдөй: а) баш тамгаларынан кыскартылган сөздөрдүн бардыгы баш тамга менен жазылат (мисалы, БУУ, КМУ, ЖК ж.б), эгерде ага мүчө уланса, кыскартылган сөз баш тамга менен жазылып, сөз мүчөсү кичине тамга менен бирге жазылат (мис., ЖОЖдон, ИИМден, АКШдан); в) жазууда, басма сөздө кеңири колдонулган кыскартылган сөздөр кичине тамга менен арасына чекит коюлуп жазылат (мис., башкача айтканда – б. а.; жана башкалар – ж. б.; дагы ушул сыяктуулар – д. у. с.); г) эгерде кыскартылган сөздөр үндүүлөр аркылуу бүтүн сөз катарында окулса, ага жалгануучу мүчөлөр да ошол үндүүлөргө карай жазылат ( мис., ГЭСке, БУУнун); д) эгер биринчи бөлүгү муунунан, калган бөлүктөрү башкы тамгаларынан кыскартылып, бирок сөз катары колдонулуп калган болсо, бардык бөлүгү бириктирилип, жалпы ат катарында кичине тамга менен жазылат (мис., райОНО эмес, районо); 2) музыкада – нота жазууда колдонулуучу кыскартуу жанa оңойлоштуруу белгиси. Ага төмөнкүлөр кирет: а) репризалар; б) айрым добуштарды, аккорддорду, кыска обондорду, такттарды кайталоо; в) октавага жогору же төмөн которуу, ошондой эле октавага эки эселентүү (кошумча сызыктарды көбөйтпөө үчүн); г) арпеджио; д) глиссандо; е) тремало; ж) бир нече тактка созулган тыным (к. Тыным).
С. Мусаев, М. Молдалиева.