АББАТЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АББАТЧЫЛЫК (дат. Abbas «або» – ата) – епископко, кээде түздөн-түз Рим папасына баш ийген, аббат же аббатиса (аялдар монастырында) башкарган католиктер монастыры. Европада орто кылымдарда ири жер ээлери катары эсептелген өтө бай монастырлар коомдун саясий-экономикалык турмушунда өтө маанилүү болгон. Реформациянын, бөтөнчө буржуазиялык революциялардын убагында Европа мамлекеттеринин коомдук турмушунда мурдагы маанисин жоготуп, көпчүлүк Aббатчылыктар жоюлган, бирок айрым Аббатчылык азыркы күндө да жашоосун улантууда.