АБА ЫРАЙЫН БОЛЖОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБА ЫРАЙЫН БОЛЖОО, прогноздоо (гр. prognosis – алдын алуу, билүү) – атмосферадагы процесстерге талдоо жасоонун негизинде аба ырайынын абалын күн мурунтан аныктоо. Абанын өзгөрүшүнө жараша к ы с к а (1–2 күнгө) ж-a у з а к (3–10 күн, ай, сезон ж-a бир жылга) мөөнөткө байкоо жүргүзүлөт. Аба ырайын болжоо ар бир пункт, трасса (мисалы, авиация үчүн), аймак боюнча аныкталат. Абанын температурасы, күндүн ачык же бүркөктүгү, жаан-чачын, шамал, бороон-чапкын, күн күркүрөө, үшүк ж. б. кубулуштар тууралуу маалыматтардын түрүнө карай жалпы жанa кошумча өзгөрүштөрдү билдирүүчү ат аба ырайын болжоо болуп бөлүнөт (мисалы, авиация үчүн күндүн ачыктыгы, булуттун төмөнкү жанa жогорку чектери, шамалдын багыты жанa ылдамдыгы, айыл чарбасы үчүн жаан-чачындын болушу, сууктун түшүшү, үшүк же кургакчылыктын күтүлүшү ж. б., темир жол транспорту үчүн кардын, нөшөр жаандын, борошонун болушу). Болжоо 3 түрлүү: синоптикалык аба ырайын болжоо – метеорологиялык станциялар менен жердин жасалма спутниктеринен алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн синоптикалык картаны пайдалануу аркылуу, жергиликтүү белгилер боюнча аба ырайын болжоо байкоолор жүргүзүлгөн белгилүү бир пункттагы аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизинде, статистикалык аба ырайын болжоо – белгилүү бир жерлердеги аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кубулуштар жана аба ырайынын өткөндөгүсү менен алдындагысынын аралыгындагы статистикалык байланышты пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт.