АБА ЖЫЛЫТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБА ЖЫЛЫТКЫЧ – жылуулук алмаштыргыч аппарат. Ал аркылуу өткөн аба жылытылат. Жылуулук өткөргүч түтүк аркылуу батареяга берилип ысыйт, анан аба жылытылат. Абаны жылытуу жанa айдоо үчүн ысык түтүн, суу буу-

АБА ЖЫЛЫТКЫЧ8.png

су, ысык суу же электр энергиясы пайдаланылат. Казан жанa газ турбиналуу (газ баралуу) орнотмодо, меш агрегатында, кургатуу жанa ысытуу техникаларында кеңири колдонулат. Иштөө аракетине жараша аба жылыткычтар үзгүлтүксүз (рекуперативдүү) жанa мезгилдүү (регенеративдүү) жылуулук бергич болуп бөлүнөт.