АБАЛАКОВДОР
АБАЛАКОВДОР – ага-ини орус альпинисттери; Кавказ, Теңир-Тоо (Тянь-Шань), Памир, Алтай тоолорунун бийик чокуларына көп жолу чыгышкан. В и т а л и й М и х а й л о в и ч (13.1.1906, Енисейск - 26.5.1986, Москва) – инженер-конструктор, спортсмендердин машыкканын так аныктай турган 100 чамалуу прибордун автору. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1941), СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу (1961). Ал баштаган альпинисттер Ленин (Памир, 1934), Кан-Теңир (Теңир-Тоо, 1936) чокуларына биринчи жолу чыгышкан, жеке өзү ал чокуга үч жолу чыгып барган. Е в г е н и й М и х а й л о в и ч (4.2.1907, Енисейск – 23.3.1948, Москва) – скульптор, дүйнөнүн 13 эң бийик чокуларына (анын ичинде Коммунизм, Памир 1933, Кан-Теңир, Теңир-Тоо 1936) биринчи чыгуучулардан. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1941). Памирдеги бир бийик чокуга Е. М. Абалаковдун ысымы берилген.