«АЛДАР КӨСӨӨ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АЛДАР КӨСӨӨ» ‒ түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгында кеӊири тараган акылдуу, айлакер адамдын жалпыланган образы. Алдар Көсөөнүн аты айрым учурда лакап катары да колдонулат. Анын жоруктарына байланышкан көп сандаган күлкүлүү окуялар жана аӊгемелер калк казынасында. Фольклор боюнча Жаныбек хандын заманында (14‒15-кылым) жашаган деген уламыш бар. Асан Кайгы, Жээренче Чечендин замандашы делет. Айрым окуялары мазмундук окшоштукта казак, каракалпак, түркмөндөрдө да айтылат. Бирок анын тарыхый адам экендигин далилдеген маалымат жок. Бардык элдердин фольклорунда Алдар көсөө ач көз, сараӊ байларды, соодагер-көпөстөрдү күлкүгө алып, карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргогон калктын өкүлү катарында мүнөздөлөт. Чыгарманын окуялары ар түрдүү, анда калктын турмушундагы ар кандай учурлар камтылган. Көпчүлүк учурда окуялары кыска аӊгемелерден турса («Жээренче Чечен жана Алдар Көсөө», «Алдар Көсөө жана Вазир»), кээде жөө жомок түрүндө да кездешет («Чык татырбас Чынарбай», «Алдар Көсөө менен шайтан», «Көсөө»). «Алдар Көсөө» окуялары түрк тилиндеги элдердин көбүндө жөө жомок катары кездешет.
Адабият: Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1960.