«АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ
«АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ ‒ адабий-көркөм жана коомдук-саясий басылма. КР жазуучуулар Союзу менен Маданият министрлигинин органы катары ай сайын чыгып келген. Адегенде 1931-жылы «Чабуул» деген аталышта жарык көрүп, анын туӊгуч редактору А. Токомбаев болгон. 1933-жылы «Кыргыз совет адабияты», 1938-жылы «Ала-Тоо», 1939‒42-жылы «Советтик адабият жана искусство», 1942‒56-жылдары «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1956-жылдан баштап кайра «Ала-Тоо» деген ат менен чыга баштаган. Журнал кыргыз адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон. Кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардык көрүнүктүү чыгармалары алгач ирет «Ала-Тоого» жарыяланган. Ал окурмандарды орус жана дүйнөлүк классиктердин чыгармалары менен да кеӊири тааныштырып турган. Журнал кыргыз элинин тарыхы, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, ата салты, үрп-адаты, тилине байланыштуу курч жана маанилүү материалдарды жарыялаган. Кийин финансы маселесине байланыштуу журнал көп жылдар бою чыкпай, токтоп калган. 2009-жылы журнал «ЖАҢЫ АЛА-ТОО» деген аталышта кайрадан чыгарылып, өз ишмердүүлүгүн уланта баштаган.