«АК КЕМЕ» акционердик коому

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

"АК КЕМЕ" – акционердик коом. 1968‑жылы не­гизделген. 1993‑жылы менчиктештирилип, кеме куруучу жана кеме оңдоочу ишканага айланган. Негизинен кеме курууга ылайыкташкан: сал­магы 100 тоннадан ашуун жүк ташуучу, балык уулоо­чу жана башка кемелерди куруу жана оңдоо, кубаттуу­лугу суткасына 25‑700 м3 агын сууларды биологиялык тазалоочу компакттуу түзүлүштөрдү жасап чы­гаруу иштерин жүргүзөт.