«АКБЕРМЕТ» поэмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АКБЕРМЕТ» – кыргыз элдик поэмалардын бири. Порэмада Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Акбермет Карагул кызы 1899‑жылы төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлгөн.

Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑жылы Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. К. Мифтаковдон кийин Акберметтин пенделик тагдырына, акындык өнөрүнө эч ким кызыкпаган окшойт. Акберметтин акындык өнөрү туурасында айтсак, андан жазылган чыгармалардын ичинде кошоктор, арман, сүйүү ырлары бар. Жалпысынан алганда анын чыгармаларынын бардыгы өз башынан өткөн армандуу күндөрүн чагылдырат. Атасы өлгөндө (11 жашта болгон) чыгарган кошогу кошок жанрынын бардык талаптарына жооп берет. Кошок бүткөн бир ойду берип, бир адамдын өмүрүн толук баяндаган чыгарма экени көрүнөт