«АКАЛТЫН» акционердик коому

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

"АКАЛТЫН" – акционердик коом (1993). 2000‑жылы Түштүк Кореянын «ТВ-ТЕХ» фирмасы менен бир­дикте медицина ватасын чыгаруу боюнча ишкана болуп түзүлгөн. 2003‑жылы май престөөчү өндүрүш куру­луп бүтүп, эксплуатацияга берилген. Учурда негизги багыты – пахта үрөндөрүн кайра иш­тетүү. 1926‑жылы Кара‑Суу шаарында негизделген. Жыл­дык кубаттуулугу 100 миң тонна. Заводдун Ноокен районунда, Кара‑Суу, Кумарык, Учкун, Төлөйкөн жана Сакалды айылдарында филиалдары бар.