«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ – төкмө акындардын чыгармачылыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004–2020-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев же­тектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. Айталиевдин жанa Т. Абдиевдин айтыш мек­тебинин түптөлүшүнө, азыркы төкмө акындардын республикалык, эл ­аралык айтыштарга жигердүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу менен «Ак таң­дайлар» аттуу китеп жарык көргөн (2003), ошондой эле республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» ада­бий клубу негизделип, КТРКнын «Айтыш», «Че­чен айтыш», «Бетме‑бет», «Төкмө келсе төр бошот», «Айтыш» теле көрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат. 2021–2022-жылдары М. Самыйкожо жана А. Маратовдор тең төрагалыкта кызмат өтөшкөн. Учурда бул коомдук фонддун төрагасы А. Маратов.

«Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына карата Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтыш
Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн айтыш
Фонду.jpg