АСКОМИЦЕТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 6 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Ascomycetes), б а ш т ы к ч а л у у  к о з у  к а р ы н д а р ‒ татаал түзүлүштүү козу карындардын чоӊ классы. Жипчелери көп клеткалуу мицелий түрүндө. Көбөйүүсү жыныстык, жыныссыз ж-а вегетативдик жол м-н жүрөт. Баштыкчалар аск жыныстык көбөйүүдө пайда болот (аталышы ошондон). Баштыкчада 8ден спора (аскоспора) жетилет. Жыныссыз көбөйүүнүн спорасы конидия деп аталат. Көпчүлүк А-де дайым эле аск пайда болбойт, алар конидиялар м-н көбөйөт. Вегетация учурунда конидиялык споралар жетилип, өз алдынча түр катары (жетилбеген козу карындар) бөлүнөт. Анын 6‒12 классчасы, 30 миӊге жакын түрү белгилүү. Булардын бир клеткалуу микроскоптук (ачыткыч козу карындар) ж-а мөмө денечеси 10‒30 смге жеткен чоӊ көлөмдөгү өкүлдөрү бар. Алар жаратылышта кеӊири таралган, көпчүлүгү сапротрофтор, алар топуракта, өсүмдүк, жаныбар калдыктарында, айрымдары азык-түлүктөрдө (кеберлер) өсүп, аларды бузат. Көпчүлүгү өсүмдүк, жаныбар ж-а адамдын мителери ж-а түрдүү коркунучтуу ооруларды пайда кылат. Ошону м-н бирге алардын пайдалуулары да бар. Микробиол. өнөр жайда ферменттерди, антибиотиктерди ж.б. алууда колдонулат; айрым түрлөрү желет. Кээ бир түрү биохим., ген. изилдөөлөрдүн объектиси.