АБИССАЛЬ ТҮЗДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:58, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – океан ж-а деңиз чуңкурдуктарындагы жайык түз жерлер. А. т. Дүйнөлүк океан таманынын 3/4, Жердин аянтынын 1/2 (270 млн км2) бөлүгүн ээлейт. Морфол. түзүлүшү жагынан тайпак ж-а дөңсөөлүү болуп 2 типке бөлүнөт. Тайпак А. т. океан чуңкурдугунун чет жагына, деңиз ойдуңунун борб. бөлүгүнө туура келет. Мындай түздүктөр өтө тегиз келип, алардын ар кайсы жерлеринде жанар тоодон пайда болгон дөбөлөр кездешет. Тайпак А. т. Атлантика океанында көп (Хаттерас, Бискайя, Ангола ж. б.). Дөңсөөлүү А. т-нүн рельефи татаал. Түздүктүн бети дөңсөөлүү, жалчалуу келет, борпоң, чөкмөлүү ойдуңдары бар. Ой жерлердин тереңдиги 500 мден 1ОО мге чейин жетет. Мындай түздүктөр Тынч, Инди, Атлантика океандарына мүнөздүү.