АБУСИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – Б. з. ч. 3–1-миң жылдыктын ортосу ченде Нилдин сол жээгинде, Каирдин (Египет) түш.-батыш жагында тургузулган египет некрополу (Мемфистеги некрополдордун бири). 1898–

1908-ж. нем. археологу Л. Борхард, 1960-жылдан чех. экспедициясы (М. Вернер, Л. Бареж) ж. б. тарабынан изилденген. V династиянын фараондорунун пирамидалык комплекстери (а. и. династияны негиздөөчү Хентакаус ханшанын пирамидасы; пирамиданын жанындагы храмдардан папирустук архивдер табылган) ж-а дубалга түшүрүлгөн сүрөт-жазуулар ж-а скульптуралар, рельефтери м-н масштабдар; V динас тиянын падышасы Усеркафтын күн храмы, Соңку падышачылыктын шахталык табыттары (а. и. XXVI династиянын чиновнигинин уурдалып-тонолбогон табыты, кооздолгон саркофаг, идиштер, эмерек ж. б.) жайгашкан.
Ад.: Вернер М. Древний Египет: загадки и открытия. Вестник древней истории. 1991. №1; Verner М. Forgotten pharaohs, lost piramids: Abusir. Praha, 1994.