АБИССАЛЬ ТҮЗДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – океан ж-а деңиз чуңкурдуктарындагы жайык түз жерлер. А. т. Дүйнөлүк океан таманынын 3/4, Жердин аянтынын 1/2 (270 млн км2) бөлүгүн ээлейт. Морфол. түзүлүшү жагынан тайпак ж-а дөңсөөлүү болуп 2 типке бөлүнөт. Тайпак А. т. океан чуңкурдугунун чет жагына, деңиз ойдуңунун борб. бөлүгүнө туура келет. Мындай түз- дүктөр өтө тегиз келип, алардын ар кайсы жерлеринде жанар тоодон пайда болгон дөбөлөр кездешет. Тайпак А. т. Атлантика океанында көп (Хаттерас, Биская, Ангола ж. б.). Дөңсөөл ү ү А. т-нүн рельефи татаал. Түздүктүн бети дөңсөөлүү, жалчалуу келет, борпоң, чөкмөлүү ойдуңдары бар. Ой жерлердин тереңдиги 500 мден 1ОО мге чейин жетет. Мындай түздүктөр Тынч, Инди, Атлантика океандарына мүнөздүү.