АБЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (соңку лат. ablatio – алып коюу) гляциологияда – мөңгү же кар катмарынын эрүүдөн, буулануудан же мех. ажыроодон (шамалдын учурушунан, айсбергдердин бөлүнүшүнөн ж. б.) кичирейиши. Пайда болуу өзгөчөлүктөрүнө жараша түпкү, ички ж-а үстүнкү А. болуп бөлүнөт. Түпкү А. – жердин ички жылуулугунан ж-а муз катмары козголгондо анын жер кыртышына сүрүлүшүнөн, ички А. муз бөлүктөрүнүн өз ара сүрүлүшүнөн ж-а суу м-н абанын муз арасынан өтүшүнөн, үстүнкү А. - күн радиациясы м-н абанын жылуулугу нан пайда болот.