АБДЫЛДАЕВ Эсеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Эсеналы (16. 2. 1932, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Жаркынбаев айылы - 5. 5. 2003, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү ж-а жыйноочу. КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1997), филология илимд. кан дидаты (1967), Пржевальск (азыркы Каракол) ш-ндагы мугалимдер ин-тунун физ.-мат. (1951) ж-а КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАсынын Тил ж-а адабият ин-тунда кенже, улук ил. кызматкер, жетектөөчү ил. кызматкер. «Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө б-ча «Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары м-н болгон эпикалык катышы» (1966), «Манас» эпо сунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), «Манас» эпосунун историзми» (1987), «Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991), «Манастын тарыхый баатырдык эпос катарында калыптануу жана өнүгүү этаптары» аттуу монографиялык эмгектери бар. А. манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноого ж-а жазып алууга, «Семе-

тей» бөлүмүн ж-а С. Орозбаковдун варианты б-ча «Манас» эпосунун акад. басылышын басмага даярдоого катышкан (1989). М. Мукасов.