АБДИЕВ Тууганбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Тууганбай (3. 5. 1937, Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Ничке-Сай айылы - 1. 12. 2008, Бишкек) - төкмө акын, дастанчы, комузчу, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1986), КРдин эл арт. (1993). КМУнун филология ф-тин бүткөн (1976), Токтогул р-ндук мад-т үйүндө (1955), Жалал-Абаддагы кыргыз драма театрында (195661) иштеген. 1961-жылдан Кыргыз мамл. филармониянын артисти. Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Корголдон комузга кошуп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз м-н айтуу өнөрүн үйрөнгөн. «Чоң кербез», «Тогуз кайрык», «Мырза кербез», «Бала кербез», «Кара өзгөй»,
АБДИЕВ16.png

«Кер толгоо», «Ак тамак, Көк тамак», «Ак бакай», «Лү-лү, Мамажан» күүлөрүн, «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Ак Мөөр» кенже эпосторун ж. б. чыгармаларды жогорку деңгээлде эле аткарбастан, анын таасирдүүлүгүн дагы тереңдеткен. «Эрке кыял» аттуу күүнүн автору.
А-дин «Таңшы комуз» (1979),
«Ыр канатында» (1984),
«Айтыш, Замандаштар,
Чоңколор, Залкарлар»
аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. «Махабат дастаны» кинофильминде (реж. Д. Садырбаев, 1984) Раймалынын ролун аткарган. Төкмө акындардын эл аралык айтыштарынын, дастанчылар («Актандай», 1993; «Манас», 1995) кароосунун башкы жеңүүчүсү. III даражадагы «Манас» ордени м-н сыйланган (2005).