АБА БУРАЛГЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 пропеллер (лат. propellere - айдоо, түртүү) – айланганда абаны артка шилөө м-н тартуу күчүн пайда кылуучу калактуу жылдыргыч. А. б-н 1475-ж. Леонардо
АБА БУРАЛГЫСЫ7.png

да Винчи сунуш кылган, 1912-ж. Н. Е. Жуковский өрчүткөн. А. б. кыймылдаткычтын огуна кийгизилген күпчөктөн ж-а ага бекитилген түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Ал учуучу, аба жаздыктуу аппараттарда, аэрочанада колдонулат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша эки, үч ж-а көп калакчалуу болуп жасалат. Тартуу күчүн чоңойтуучу ж-а кубаттуулуктун коромжусун азайтуучу октош (кийиштирилген) ж-а бири-бирине тескери айланган А. б. пайдаланылат.