БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ
17:13, 10 Март (Жалган куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
‒ о. кылымга (10‒11-к.) таандык археол. эстелик. Казак Респ-нын Жамбыл обл-нун Тараз (мурдагы Жамбыл) ш-нан 18 км аралыкта Айшабүбү күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-ж. В. А. Каллаур, кийин 1938-ж. А. Н. Бернштам, 1953-ж. Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 м, бийикт. 5 м; маӊдай жагы м-н эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чий мелер м-н бышкан кыштан кооздолуп жасалга ланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп салынган, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты б-ча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көккесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышына себеп болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү арх-лык деталдар кылдаттык м-н пайдаланылган. Б. к. к. сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги м-н өзгөчөлөнөт.