АТЛАХ САЛГЫЛАШУУСУ
22:27, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
751-ж-дагы Тан династиясы м-н Араб халифатынын аскерлеринин согуштук беттешүүсү. 748-ж. Тан династия сынын аскерлери Суяб ш-н ж-а Шашты (Ташкент оазиси) басып алган. Арабдар Таразды ээлешкен, бирок кытайлардын курчоосунда калган. Араб аскер башчысы Саил ибн Хумейд Абу-Муслимден жардам сураган. Ушундай эле сураныч м-н Шаштын кытайлар тарабынан өлтүрүлгөн шаар башчысынын уулу да кайрылган. Абу-Муслим Таразга Зияд ибн Салихтин башчылыгы алдында аскерлерин жиберген. Алардын алдынан Суябдан Чао Сянджи башкарган жүз миӊдей Тан аскерлери тосуп чыккан. Алар Талас суусуна жакын Атлах ш-нын жанында беттешкен. Бир нече күндүк кармашуудан кийин Тан аскерлеринин тылынан карлуктар, согуш майданынан ‒ арабдар сокку берген. Тан аскерлери чоӊ жоготууларга учураган. Араб тарыхчысы Ибн Ал-Асирдин маалыматы б-ча Атлахта кытайлардын 50 миӊи өлтүрүлүп, 20 миӊи туткунга алынган. Талкаланган аскерлердин калганы Талас д-н бойлой тоого качкан. Туткундардын көпчүлүгү Самарканд ж-а Иракка айдалган. Бул тарыхый салгылашуу жерг. калктардын арабдар тарабында согушкандыгынын гана күбөсү болбостон, Кытайдын толугу м-н артка чегинишинин ж-а О. Азиянын Тан империясынан көз каранды эместигин бекемдеген.
Ад.: 1. Большаков О. Г. К истории Таласской битвы//Страны и народы. Вып. XXI, кн. 2, М., 1980. 2. Арабо-персидские источники о тюркских народах. Ф., 1973. 3. Караев О. К. Арабские и персидские источники о киргизах и Киргизии (IX‒XII вв.). Ф., 1968. 4. Бартольд В. В. К истории арабских завоеваний Средней Азии// Соч., т. II, М., 1964.
Т. Жуманалиев.