АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 24 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒  автомобилдердин үзгүлтүксүз, ыӊгайлуу ж-а коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган курулуштар комплекси. Эл аралык, чарбалык маанисине ж-а жол кыймылына жараша А. ж.: мамл., обл., р-ндук, айылдык ж. б. болуп бөлүнөт. А. ж-нун машина жүрүүчү бөлүгү жолдун негизги элементи болуп саналат. Анын бетине бышык курулуш материалдары төшөлөт. А. ж-нун өзөн, тереӊ коо ж. б. м-н кесилишкен жеринде жасалма көпүрө ж. б. курулуп,транспорт өтүүчү ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат. Кыймылды жөнгө салуу үчүн А. ж-на жол белгилери ж-а көрсөткүчтөр коюлат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кырг-нда Фрунзе‒Рыбачье ‒Нарын‒Торугарт; Нарын‒Казарман; Ысык-Көл

дү айланта; Фрунзе‒Ош; Ош‒Хорог; Талас‒Жамбыл ж. б. ири жолдор курулуп пайдаланылууда. Азыркы күндө респ-кабызда мамл. ж-а жерг. маанидеги жолдун уз. 20000 кмден ашык (2020).