БАЗИЛИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (гр. basilike ‒ падыша үйү) ‒ ичи колонна же катар түркүктөр м-н узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоӊ аралыкты тосконго ыӊгайлуу болгон; ортоӊку неф (эреже катары капталдагылардан бийик ж-а кеӊири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган ж-а апсида м-н бүткөн. Б-га кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты ‒ нартекс жайгашкан. Эӊ алгачкы Б. б. з. ч. 210-ж. Деллос аралында курулган. Рим ш-нда Б. сот ж-а соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши м-н Б. храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору
Римдеги Сан Паоло фуори ле мура базиликасы. Клуатра галереясы.

неф, апсида ‒ чыгыш жактагы алтарь м-н бүткөн. Эӊ ири алгачкы христиандык Б-лар бай мозаика м-н кооздолгон ж-а 4-6-к-да Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.