БАЗАР-КОРГОН ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:16, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Жалал-Абат обл-нун Базар-Коргон р-нунда, Жалал-Абат ш-нан 23 км түн.-батышта, Кайырма кыш-нын четинде, деӊиз деӊг. 700‒745 м бийиктикте. 1972-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропогендин кум-шагыл, кумай топурак, борпоӊ тектери түзөт. Пайдалуу кумайлуу топурак катмары аллювий-пролювий чөгүндүсүнөн пайда болгон лёсс сымал чоподон турат. Саргыч боз түстө. Калыӊдыгы 20 мге чейин, уз. 1,3 км. 3‒4 м тереӊдикте чопо ныкталган. Гранулометрия лык курамы: 0,001 мм ‒ 14,80%; 0,001 ‒ 0,01 мм ‒ 25,43%; 0,01 ‒ 0,25 мм ‒ 59,10%; 0,25 ‒ 0,5 мм ‒ 0,14%; 0,5 ммден жогоркусу ‒ 0,43%. Ийилгичтиги 2,02‒5,22%. Чоподон «100» маркасындагы кирпич даярдоого болот. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 898 миӊ м3.