БАЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:16, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (фр. base, гр. basis ‒ негиз) ‒ 1) архитектурада ‒ мамынын (колоннанын) негизи (түбү), таяныч бөлүгү же түркүк (пилястрлер); 2) транспортто ‒ эки октуу автомобиль, трактор ж-а чиркемеде алдынкы ж-а арткы октун ортосун дагы аралык же 3 октуу автомобилдин алдынкы огу м-н 2 октуу сүйрөмөсүнүн ортосундагы аралык; 3) жарым өткөргүчтүү техникада Б. ‒ жарым өткөргүчтүү прибордун (транзистор ж. б.) эмиттердик ж-а коллектордук p‒n ‒ өтүү аймагы арасындагы электр байланышын камсыз кылуучу электроддун аталышы; 4) машина курууда ‒ сомдомонун кесүүчү аспапка салыштырмалуу тетиктин иштетүүчү абалын аныктоочу бети. Б-га салыштырмалуу ченеп эсептөөчүсү ‒ ченөө Б-сы, иштетилүүчү сомдомо орнотулганы орнотуучу Б. болуп эсептелет.

Ж. Усубалиев, Н. Саадабаев.