БАЖЫ ТАРИФИ
Jump to navigation
Jump to search
‒ чет өлкөдөн кирүүчү ж-а сыртка чыгарылуучу улуттук товарлардан алынуучу алымдардын тизмесине кирген товарлар дын топтор б-ча системага салынышы. Б. т-нде адатта товардын аталышы, алым алынуучу то
варлар, алым алынбаган товарлар ж-а алым чени жазылат. Б. т-нин түрлөрү: автономдук ‒ мамлекеттер тарабынан бир тараптуу белгиленет, конвенциялык ‒ мамлекеттер тарабынан эл аралык макулдашууларга ылайык белгиленет ж-а эреже катары, ставкалары төмөнүрөөк болот. Айрым өлкөлөр (Канада, Индия) айрым өлкөлөргө автономдуу, кээ бирине конвенция лык тарифти колдонуу м-н Б. т-нин эки түрүн теӊ пайдаланышат. Б. т. алымдарына чен көбүнчө товарлардын наркынан процент түрүндө белгиленет.