БАГРАТИОН Петр Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:16, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Пётр Иванович (1765‒1812) ‒ князь, орус генералы (1809), Француз-орус согушунун (1812) баатыры. Кизляр ш-нда грузиндин эзелки княздар уруусунан чыккан полковниктин үй-бүлөсүндө туулган. 1782-жылдан аскер кызматында. Орус-түрк (1787‒91) ж-а Польша согушуна (1793‒94) катышкан. А. В. Суворовдун 1799-жылдагы Италия, Швейцария жортуулунда генерал-майор чининде алдынкы отрядга командалык кылып, Франция м-н согушта (1805‒07) орус армиясынын арьергардын башкарган, орус-швед согушуна (1808‒09) катышып, Аланд а-дарын ээлеген. Орус-түрк согушунда (1806‒12) армияларга командалык кылган. 2-Батыш армиясына, Бородино салгылашында орус аскерлеринин сол тарабына командачылык кылып, туруктуулуктун ж-а эр жүрөктүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн. Ошол согушта курман бо

луп, сөөгү Сима кыш-на коюлган. 1839-ж. ал жерден Бородино талаасына алып келип көмүлгөн.