БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ о. кылымга (10‒11-к.) таандык археол. эстелик. Казак Респ-нын Жамбыл обл-нун Тараз (мурдагы Жамбыл) ш-нан 18 км аралыкта Айшабүбү күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-ж. В. А. Каллаур, кийин 1938-ж. А. Н. Бернштам, 1953-ж. Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 м, бийикт. 5 м; маӊдай жагы м-н эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чий мелер м-н бышкан кыштан кооздолуп жасалга ланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп салынган, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты б-ча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көккесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышына себеп болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү арх-лык деталдар кылдаттык м-н пайдаланыл ган. Б. к. к. сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги м-н өзгөчөлөнөт.