БААТЫР ШААР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Улуу Ата Мекендик согушта немецтик-фашисттик баскынчылардан коргонууда шаардыктардын массалык түрдө көрсөткөн баатырдыгы ж-а эрдиги үчүн айрым шаарларга ыйгарылган ардактуу наам. 1965-ж. 8-майда СССР Жогорку Советинин Президиуму нун Указы м-н Москва, Ленинград, Киев, Одесса, Севастополь, Сталинград, Тула, Мурманск, Смоленск шаарлары Б. ш., Брест чеби ‒ баатыр-чеп аталып, Алтын Жылдыз медалы ж-а Ленин ордени ыйгарылган. Жоокерлердин ж-а шаар тургундарынын зор эрдигин белгилөө урматына 1942-ж. 22-декабрда «Ленинградды коргогондугу үчүн», «Одессаны коргогондугу үчүн», «Севастополду коргогондугу үчүн», «Сталинград ды коргогондугу үчүн», «Москваны коргогонду гу үчүн», 1961-ж. «Киевди коргогондугу үчүн» медалдары чыгарылган. 1973-ж. Беларуссиянын, Крымдын, Кавказдын немец фашисттеринен бошотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип, ошол эле жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы м-н Новороссийск, Керчь ш-на ж-а 1974-ж. Минскиге Б. ш. деген ардактуу наам берилген. Б. ш-да Ленин орденинин, Алтын Жылдыз медалынын сүрөтү ж-а СССР Жогорку Советинин Указынын тексти жазылган обелиск коюлган.