АШ КЫЗЫЛЧАСЫ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ шакардуулар тукумунун кызылча уруусунун бир түрү; эки ж-а көп жылдык тех. өсүмдүк. Уругунан өсүп чыгат, биринчи жылы тамыр, сабак байлап, экинчи жылы
урук алынат. Жалбырагы чоӊ, жалбырак сабы, тарамышы кочкул кызыл; тамак-ашка азык тамыры, жаш жалбырагы пайдаланылат. А. к-нда кант, белок, орг. к-та, клетчатка, туз, о. эле С, В, РР, В1 витаминдери бар. Анын 21ден ашуун сорту (Бордо 237, Кыштык А-474 ж. б.) өстүрүлөт. А-н тамак-аш катары, дарылык касиети болгондуктан кан басымы жогорулаганда, ичеги-карын ооруларында дарылыкка пайдаланат. Ал которуштуруп айдоодо мурда капуста, томат, бадыраӊ айдалган жерге эгилет. 1 га жерге 16‒20 кг урук 33 см катар аралыкта, 2‒3 см тереӊдикте себилип , 400‒500 ц түшүм алынат. Эки жолу (өнүп чыкканда, суюлтулгандан кийин) кошумча азыктандырылып, 2‒3 жолу сугарылат. үрөндүгү сабагы кесилип, жазга чейин сакталат.