АЧЫК-ТАШ-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Борбору Теӊир-Тоодогу өрөөн тибиндеги үч ири мөӊгү (Чыгыш, Ортонку ж-а Батыш). Сары-Жаз кырка тоосунун түн. капталында, Адыр-Төр суусунун алабында жайгашкан. Ч ы г ы ш ы н д а г ы м ө ӊ г ү н ү н уз. 7,3 км, аянты 9,1 км2; башы деӊиз деӊг. 5580 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 3980 м; абляциясынын аянты 4,0 км2. О р т о н к у с у н у н уз. 5,4 км2, аянты 5,7 км2, башы деӊиз деӊг. 5360 м, этеги 3420 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 3920 м, абляциясынын аянты 2,3 км2. Б а т ы ш ы н д а г ы с ы артылма өрөөн мөӊгүлөрүнүн тибине кирет; уз. 4,2 км, аянты 5,6 км2, башы 4800 м, этеги 3580 м бийиктикте жатат; кар чегинин бийикт. 3950 м, абляциясынын аянты 2,2 км2. Мөӊгүдөн башталган суулар кошулуп, Адыр-Төргө куят.