АЛЫМКУЛОВ Добулбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВ Добулбек (25. 05. 1930-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Төш-Булак айылы) – патофизиолог, медицина илимдеринин доктору (1973), профессор (1984). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1989). КММИни бүтүргөн (1955). КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИунда бөлүм башчы, курортология жанa физиотерапия ИИИнин директору (1975–1984), Кыргыз ССР ИАнын бийик-тоо физиологиясы жанa эксперименттик патология институтунун директору (1984–1986). 2001-жылдан КРСУнун профессору, Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү ИИИнин директору (1991–1996). 2003-жылдан КММАда кафедра башчы. Илимий эмгектери балдардын ден соолугун чыңдоо, жаратылыш факторлорунун организмге тийгизген таасирин жана табияттын дарылык касиетин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Резистентность детского организма в горных условиях (в соавторстве). Ф., 1983; Биологические и медицинские аспекты использования природных ресурсов в Исык-Кульско-Чуйском районе (в соавторстве) Ф., 1988; Кыргыз жергеси ден соолуктун булагы. Б., 1992.