АК КЕЛТЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:31, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК КЕЛТЕ (ир. «калта» – кыска, «мил» – мыл­тык) – «Манас» эпосундагы башкы каарман Манастын мылтыгы. Эпосто касиеттүү, ыйык куралдын бири катары сүрөттөлөт. Мисалы, согуш болор алдында керегеде илинген жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан тамышы же Манас өлгөндөн кийин он эки жыл Абыкенин колун­да атылбай калышы ж.б. Ошондой эле тунгус, маньч­жур

элдеринде да «гэлтэ» добуштуу мылтык деген аталыш менен белгилүү.