АЦЕТАТ БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ ацетилцеллюлозадан алынуучу жасалма була. Анын эки түрү бар: диацетилцеллюлоза ж-а триацетилцеллюлоза. Ал целлюлозаны орг. эриткичтерде эритүүдөн алынат. Диацетилцеллюлозадан алынган булада 17‒22% гидрокычкыл ж-а 78‒83%ке чейин ацетил топтору болот. Мындай булалар гидрофилдик касиетке ээ. Триацетилцеллюлозадан алынган булада 97‒98%, кээде 100%ке чейин ацетилто бу болгондуктан, гидрофобдуу касиетке ээ. Диацетилцеллюлозадан алынган буладан өнөр жай үчүн тех. мааниси бар буюмдар даярдалат. А. б. көп касиеттери б-ча синтездик булаларга караганда жогору турат. Созулгуч, жумшак ж-а кооз келгендиктен, жасалма жибек кездеме ж-а тор кийим токулат. Андан жасалган кездемелер аз бырышып, ультракызгылт-көк нурду жакшы өткөрөт. Жогорку темп-рага, жегичтер м-н орг. эриткичтердин таасирине, сүрүлүүгө чыдамсыз.