АВТОТИПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:27, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОТИПИЯ (авто... сөзүнөн жана грек тилинен typos – форма) – атайын даярдалган форма. 1) бастырмалуу элементтерди камтыган басма формаларын жасоонун фотомеханикалык процесси. Жогорку басма каражаттары аркылуу жарым түстүү сүрөттөрдү көбөйтүү үчүн колдонулат (фотосүрөттөр, акварель жана ушул сыяктуу нерселер). Учурда автотипия заманбап технологиялык каражаттардын жардамы менен колдонулат. 2) Растр (Растр караңыз) клишеси менен болгон оттиск.