АХМЕТОВ ЗАКИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(4. 5. 1928., Чыгыш Казакстан обл., Улан р-ну, Узун-Булак айылы ‒ 2002) ‒ адабиятчы, филология илимд. доктору (1965), проф. (1966). Казакстан ИАнын корр.-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Респ-сынын илимге эмг. сиӊ. ишмери (1978), Казакстан мамл. сыйл. лауреаты (1996), Казакстан ИАнын Валиханов атн. сыйл. лауреаты (1980). Казак мамл. ун-тин (1978) бүтүргөн. Ленинграддагы Чыгыш таануу ин-тунда аспирант (1948‒51), Казакстан кыздар мамл. пед. ин-тунда кафедра башчысы (1951‒75), Казакстан ИАнын М. О. Ауэзов атн. Адабият ж-а өнөр ин-тунда директордун орун басары, директор, Казакстан ИАнын окумуштуу секретары (1975‒84), вице-президенти (1984‒86), Казакстан Жогорку Кеӊешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу ил.-изилдөөлөрү казак ад-тынын тарыхы м-н теориясына, азыркы адабият таануудагы жаӊычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абай таануу, Ауэзов таануу маселелери б-ча ил. монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабият таануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көрдү. «Өлөӊ сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-ж. Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар.

Чыг.: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.
Ж. Медералиева.